www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп келген бир жыл ичинде өлкө экономикасы артка кетти. Импорт, экспорт да азайды. Мына Кыргызстандын тышкы соода жугүртүүсү 2019-жылдын январь айында 457 млн. долларды түздү.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 8,4% төмөн. Анын ичинде быйыл январда экспорт 15,4% артка кетсе, импорт 6,4% азайды. Жылдын биринчи айында Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөр менен соода-сатык 4,1% азайды.
Экспорт былтыркыга салыштырмалуу 6,7%, импорт 3,3% кемиди. Мамлекеттин казынасы какшып турат. Айласы куруган Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунан 600 миллион сом түшөт деп, жок айып пулду бюджетке кириштеп салган. "Коопсуз шаар" долбоору болсо кыйроо алдында турат...
Булак: Фабула