www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен орун басары Эркин Асрандиевдин ортосунда интрига башталды. Дал ушундай сөздөр тар чөйрөдө айтыла баштады.

Акыркы кырдаалга байланыштуу өкмөт башчы Абылгазиев орун басары Эркин Асрандиевге “мурда иштегенсиң, байланыштарың жакшы, Россия өкмөтүндө жаткан “Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондундагы 250 миллион долларды биздин бюджетке которуу боюнча тез арада иш алып бар” деп, тапшырма берет. Асрандиев болсо “менин колуман келбейт” деп баш тартат.

Ага кошумча, депутаттар жабыла өкмөт башчыга сын айткандардын артында Асрандиев турат деген маалымат да чыга баштады.

Эске сала кетсек, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун угушкан. Анда өкмөт башчы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, отчетто керек болгон материалды издеп кокусунан сөгүнүп коомчулуктун талкуусуна калган эле.

Булак: NazarNews.org

Последние новости