www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Соль-Илецк шаарынан келип, мурунку америкалык “Ганси” авиабазасына обсервацияга алынган кыргыз жарандары тополоң кылууну улантышууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине карантиндик зонадагы айдоочу Александр Бурховецктин жубайы Мария айтып берген.

Анын айтымында, жакында алты адам аларды бошотууну талап кылышкан, анткени алар өзүн жакшы сезип, дарылануунун кереги жок деп билдиришкен.  Алардан коронавирус аныкталганына ишенишпейт. Соль-Илецктен келгендердин бардыгы кайрадан COVID-19 тестинен өтүштү.

“Алар тополоң чыгарып, ооруканага барбайм деп, үйгө жөө барам деп коркутушкан. Жардам берген дарыгерлер полицияны чакырууга аргасыз болушкан. Натыйжада алар ооруканага жаткырылган. Азыр кырдаал туруктуу”, - деди Мария Бурховецкая.

Саламаттыкты сактоо министрлиги чындыгында бул обсервацияда дарыгерлер менен ар дайым карама-каршылыктар болуп жаткандыгын тастыктады, бирок өз убагында чара көрүлүп жатканын айтышты. Коронавирус аныкталган ар бир адам ооруканага жеткирилген. Калгандары катуу режимдеги изоляцияда.

Эске сала кетсек, 7-майда 541 кыргызстандык Соль-Илецктен Кыргызстанга кайтып келген. Адегенде алардын 55ине коронавирус диагнозу коюлган, андан кийин дагы үч бейтап катталган. Бейшемби күнү эне менен баланы ооруканага жаткырышкан. Алар дагы Соль-Илецк шаарынан келишкени маалым болгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости