www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мыйзамсыз иштерди жасап, кылмыш жоопкерчилигинен качып,  Россия Федерациясынын аймагында жашынып   Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандарды аныктоо боюнча ишин улантууда.Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен   Россиянын укук коргоо органдары издөөдө жүргөн жарандарды аныктоого багытталган  иш-чаралардын натыйжасында, Москва шаарынын аймагында өз мекенинде кылмыш жасап эл аралык издөөдө жүргөн бир катар Кыргызстандын жарандары аныкталган.  

Алсак, биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, 2003-жылдан бери Кыргыз Республикасыын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тарабынан издөөдө жүргөн 1952-жылы туулган Д.М. аттуу жаран (коңшу республикалардын биринин жараны) аныкталган. Бул жаранга карата, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (эски редакциясынын) 336-беренесинин 1-бөлүгүнө (Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.    

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран, 1997-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (эски редакциясындагы) 235-беренесинин 2-б. (башкага берүү максатында баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү) боюнча 11 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркиндигинен ажыратылган. 2001-жылы Мунапыс жөнүндө мыйзамынын негизинде, жазасын өтөө мөөнөтү кыскартылып, соттун чечими менен жатак-абагына которулган. Бирок, Ош шаарында жайгашкан жазаларды аткаруу мекемесинен качып кеткен.  

Мындан тышкары, Жазык кодексинин (мурунку редакциядагы) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык, ири өлчөмдө) каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши боюнча, Ош ш. Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2014-жылдан бери издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1986-жылы туулган М.К. аттуу жаран аныкталып, кармалган. 

Бул жаран, 2013-жылы күйөсү менен чогу, ишенимге кирип чет өлкөдөн товар алып келүү шылтоо менен алдамчылык жол менен 7500 АКШ долларын өлчөмүндөгү акча каражаттарын алып кетишкен. Мындан тышкары, ошол эле жылдын октябрь айында ойлоп тапкан шылтоо менен 100 000 сом алып, белгисиз багытта жашынып кетишкен. Мындай кылмыштуу аракеттердин жыйынтыгында, жабырлануучуга 465 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен.

Ошондой эле, 2014-жылдан тартып Сокулук ИИБи тарабынан издөөдө жүргөн Талас облусунун тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран  аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин (мурунку редакциядагы) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык, ири өлчөмдө) каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш иши козголгон. 

Бул боюнча 2014-жылы жогоруда аталган жаран, алдоо жолу менен чет мамлекеттик валютаны жогорулатылган курс менен алмаштырууга шылтап, башка бирөөнүн мүлкүн менчиктеп алып, белгисиз багытта жашынып кеткен. Мындай алдамчылык аракеттердин жыйынтыгында, жабырлануучу жаранга 449 000 сом өлчөмүндөгү  суммада материалдык зыян келтирген. 

Азыркы учурда, жогоруда аталган бардык фактылар боюнча издөөгө берген Ички иштер органдардын бөлүктөрү маалымдалып, кармалган жарандардын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча маселеси каралууда. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости