www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 17–22-октябрь күндөрү Өзбекстанга барат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.
Рубио Самарканд шаарында «С5+1» форматындагы жыйынга катышып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулайт.
Аны менен бирге Өзбекстанга америкалык ири компаниялардын 200дөн ашуун жетекчиси келет. Сапардын негизги максаты — АКШ менен Борбор Азиянын соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо.