www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген 1986-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын август айында М.Н. аттуу жаран милицияга кайрылган. Ал С.Р. аттуу жаран эмерек жасап берүүнү жана бардык иштерди эки ай ичинде бүтүрүүнү убада кылып, андан 6 100 АКШ долларын алганын билдирген. Бирок шектүү милдеттенмелерин аткарбай, акчаны кайтарып берген эмес.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле анын ушул сыяктуу дагы бир кылмышка тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Милиция бул жарандан жабыркагандар болсо, 0 502 228 528 же 102 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Последние новости