www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 14-октябрында саат 14:50дө Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн магнитудасы 3,8ди түзүп, күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Котур-Булак айылынан 10 чакырым батышта, Пүлгөн айылынан 8 чакырым түштүк-батышта, Кадамжай шаарынан 10 чакырым түндүк-чыгышта жана Кызыл-Кыя шаарынан 25 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Таш-Кыя, Котур-Булак, Кадамжай жана Пүлгөн айылдарында 3,5 баллга жакын, ал эми Кара-Дөбө, Котормо, Кызыл-Булак, Кескен-Таш, Үч-Коргон, Тамаша жана Гайрат айылдарында 3 баллды түзгөн.

Последние новости