www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Юрист Адилет Мерканов Жогорку Кеңешке депутат Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу боюнча арыз тапшырды.
Анын айтымында, демилгени колдогон петицияга дээрлик 32 миң адам кол койгон. Арыз парламенттин бардык комитеттерине жана депутаттык топторуна жөнөтүлгөн. Аны бир айдын ичинде кароо талап кылынат.
Буга чейин Абдибаева жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорго пробация колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган. Бул билдирүүдөн кийин коомчулукта нааразылык жаралып, анын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу талабы күчөгөн.