www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда студенттер, мектеп окуучулары жана профсоюз өкүлдөрү өлкө боюнча нааразылык акцияларына чыгышты. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 13-октябрдагы жүрүштөргө 161 миң 500дөй адам катышкан. Бул өткөн бейшембидеги акцияларга караганда эки эседен көп.

Париж жана Лион шаарларында кагылышуулар болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонду. Акцияларга швециялык активист Грета Тунберг да кошулду.

Нааразылык алгач мектептердин шарттарын жакшыртуу, мугалимдердин санын көбөйтүү жана окуу күнүн кыскартуу талаптары менен башталган. Кийинчерээк кыймыл өлкө боюнча жайылды.

Президент Эммануэль Макрон демонстранттарды сабырдуулукка чакырды. Ал эми профсоюздар жана студенттик уюмдар нааразылык акцияларын улантууга ниеттенүүдө.

Последние новости