www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосун реконструкциялоого даярдык иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда имараттын техникалык абалы канааттандырарлык эмес экени белгиленди. Имараттын ичиндеги жайларда нымдуулуктун деңгээли жогору, айрым конструкциялары жана элементтери бир топ эскирген. Өзгөчө жер төлөдөгү жайлардын абалы тынчсызданууну жаратууда. Ал жерде конструкциялардын бузулуу белгилери аныкталган.

Реконструкциянын алкагында инженердик тутумдарды жана желдетүү системасын жаңылоо каралган. Бул имараттын техникалык абалын жакшыртууга жана келгендер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле мэр имаратты реконструкциялоо же анын айрым бөлүктөрүн демонтаждоо боюнча мындан аркы чечимдер Шаар куруу кеңешинде маселе каралгандан кийин кабыл алынарын белгиледи. Адистер конструкциялардын абалына баа берип, кийинки иштерди жүргүзүүнүн оптималдуу вариантын аныкташы керек.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев Спорт ордосунун тарыхый элементтерин сактап калууну тапшырды. Ал борбор калаанын архитектуралык мурасына аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Реконструкциялоо иштери объекттин абалын жакшыртууга, коопсуздугун камсыз кылууга жана Спорт ордосун мындан ары өз багыты боюнча пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

 

Последние новости