www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Манас шаарындагы №53 тергөө абагында кармалып турган жарандын кыйноо тууралуу арызы боюнча көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 9-октябрында жүргүзүлгөн мониторинг учурунда 48 жаштагы А.Т.Т. милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко кабылганын билдирген.

Анын айтымында, 28-сентябрда Сузак районунун Сары-Булак айылында кармалгандан кийин, райондук ички иштер бөлүмүндө сурак учурунда ага физикалык күч колдонулуп, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөргө кол коюуга мажбурлашкан. Ошондой эле арыз ээси башка жайда эки күн бою тамак-ашсыз кармалганын жана 3-октябрда кайрадан зомбулукка кабылганын айткан.

Жаран кыйноо, денесине жаракат келтирүү жана коркутуу фактыларына укуктук баа берүүнү өтүнгөн.

Кармалган жаран медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүп, анын жыйынтыгы боюнча Стамбул протоколу түзүлдү.

Арыз текшерүү жана көрсөтүлгөн фактыларга укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлдү. Окуя боюнча тиешелүү чараларды көрүү маселеси каралууда.

Последние новости