www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөсү коңшу мамлекеттерге кол салууну көздөбөй турганын, аскердик даярдыктын максаты согуштун алдын алуу экенин билдирди.
Бул тууралуу өлкө башчысынын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өткөргөн жыйынында айткан.
Лукашенконун айтымында, Беларустун Куралдуу күчтөрүн текшерүү коңшу өлкөлөргө кол салууга даярдык менен байланыштуу эмес.
Ал ошондой эле Батыштагы айрым маалымат каражаттарында Орусия менен Беларусь Балтика өлкөлөрүнө жана Польшага кол салышы мүмкүн деген маалыматтар тарап жатканын белгиледи.