www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жогорулатылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-октябрындагы №299 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго жогорулатылып, ошол эле учурда укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн төлөнүүчү үстөк акылардын өлчөмдөрү азайтылат.
Акчалай камсыздоонун жалпы өлчөмү кызматкердин ээлеген кызматына, атайын наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша аныкталат.
Тактап айтканда, кызматка биринчи жолу кабыл алынган, кызмат өтөгөн жылдары жок, атайын алгачкы наамы бар жана кызматтык маалыматтар менен иштегендиги үчүн үстөк акы албаган кызматкерлердин айлык акысы кеминде 4 миң сомго көбөйөт.
Ал эми пенсиялык компенсация алууга жетиштүү кызмат өтөгөн жылдары бар кызматкерлердин акчалай камсыздоосу ээлеген кызматына жана кызмат өтөгөн жылдарына жараша 10 миң сомдон ашык суммага жогорулатылат.
Мындан тышкары, кызматтык маянанын көбөйүшүнө байланыштуу эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттардын, кызматтан бошотуу жөлөкпулдарынын жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү да жогорулайт.
Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиялары кайра каралып, көбөйүү суммасы 10 миң сомго чейин жетет.
Өзгөртүүлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскер кызматчыларынын жана күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин акчалай камсыздоосун жогорулатууга багытталган.