www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Европа өлкөлөрүнүн Ооганстан жана Африкадан келген мигранттарды кабыл алуу сунушуна макул болгон жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 13-октябрда парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Германия жана Австрия кыргызстандык жогорку квалификациялуу адистерди жумушка тартууга кызыкдар. Кыргызстан болсо өз жарандарынын чет өлкөлөрдө түз иштөөсүн көздөйт.
Министр Түштүк Корея менен Японияда да кыргызстандык жумушчуларга суроо-талап бар экенин белгиледи.
Негизги цифра: 2026-жылдын май айына карата Орусияда 268 460 кыргызстандык миграциялык каттоодо турган.