www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун мамилеси олуттуу чыңалууга жетти. Бул тууралуу «Едиот Ахронот» гезити жазды.

Талдоодо Трамптын Нетаньяхудан көңүлү калышына анын Иранды жеңүү, Тегерандагы бийликти кулатуу жана Газаны люкс курортко айландыруу сыяктуу убадаларын аткара албаганы себеп болгону айтылат.

Ошондой эле Газадагы согуштун узакка созулушу Трамптын өзүн тынчтык орноткон лидер катары көрсөтүү планына тоскоолдук жаратканы белгиленет.

Басылманын маалыматына караганда, АКШ коомчулугунда Палестинага карата колдоо күчөп, Вашингтон менен Тель-Авивдин мамилеси да начарлоодо. Талдоонун авторлору Трамптын Нетаньяхудан алысташын Израиль үчүн оң көрүнүш катары баалашкан.

Последние новости