www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн, 14-октябрда депутат Эрулан Көкүловдун кесиптештерине карата айткан сынына комментарий берип, аны менен сүйлөшкөнүн билдирди. Спикер парламенттеги ынтымакты жана биримдикти сактоо маанилүү экенин белгиледи.

Буга чейин Эрулан Көкүлов айрым кесиптештерин сынга алып, чиновниктердин жана башка кызмат адамдарынын мыйзам бузган аракеттери тууралуу сөз болгондо депутаттардын баары эле колдоо көрсөтпөй турганын айткан. Ошондой эле ал депутаттардын айрымдары акчасы же тааныш-билиштери болбосо, парламентке келе алмак эместигин билдирген.

«Ушул жерде жарымыңар акчаңар жок болсо отурмак эмессиңер, жарымыңар таанышыңар жок болсо отурмак эмессиңер. Ашып кетсе он чакты депутат калмак», — деген Көкүлов Жогорку Кеңештин жыйынында. 

Өз кезегинде Марлен Маматалиев депутаттын айткандарына жооп берип, бардык депутаттарды жалпылап айыптабай, айрымдары гана колдоо көрсөтпөгөнүн тактап айтууну өтүнгөн.

«Ар бир депутат бул жерде өз эмгеги менен шайланып келди. Эч ким асмандан түшкөн жок. Ошондуктан мен төрага катары мындан ары дагы ушул биздин ынтымагыбызды, биримдигибизди сактап, бир команда катары иштейбиз деп сөз бергенбиз. Мына ошонун алкагында жумушту улантып кете беребиз», — деди спикер.

Маматалиев Көкүлов менен бул маселе боюнча сүйлөшкөнүн жана депутат анын сөздөрүнө кулак салганын да белгиледи.

Ал эми Көкүлов өз сөзүндө парламентке карата мамилени жана мыйзам талаптарынын сакталышын көтөрүп чыкканын билдирген. Депутаттын пикиринде, мындай маселелерди «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын алкагында кароо зарыл.

Последние новости