www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттери 12–15-октябрь күндөрү Астанада Казакстандын алгачкы атомдук электр станциясын курууга даярдыгын баалоодо.

Текшерүү 19 багытты камтыйт. Анын ичинде өзөктүк коопсуздук, мыйзамдар, каржылоо жана электр тармактарынын даярдыгы бар.

Долбоордун башкы подрядчысы катары Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы тандалган. Балхаш көлүнүн жээгиндеги Үлкөн аймагында курула турган станциянын кубаттуулугу 2400 МВт болот.

Алдын ала эсеп боюнча, долбоордун баасы 16,4 миллиард долларды түзөт. Станцияны ишке киргизүү 2035–2036-жылдарга пландалууда. АЭС Казакстандын түштүгүндөгү электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга багытталган.

Последние новости