www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-майда Баткендеги чек арада орун алган жаңжалдан улам жаракат алган эки аскер ооруканадан ушул жумада чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки чек арачылардын ден соолугу канааттандыраарлык деп бааланууда.

"Дагы биринин абалы туруктуу. Ага дагы операция жасалашы зарыл, бирок операциянын качан болоору тактала элек", -деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, 8-майда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, андан 4 киши жаракат алган. Анын бири жөнөкөй жаран болуп, ага медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген. Чек арачылардын үчөөсү Бишкектеги ооруканага алынып келинип, бирөөсүнө операция жасалган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости