www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчыда 30 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды, деп билдирди Башкы прокуратура.

Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан «Аэродромдун» 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен «Т.» ЖЧКсына жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 484 млн 263 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Последние новости