www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапар менен барды. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.

Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон Садыр Жапаровду Азербайжандын вице-премьер-министри Самир Шарифов тосуп алды.

Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш маселелери боюнча аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кеңешменин жыйынтыгында кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.

Последние новости