www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда Нью-Йоркто иштеген адвокат Аркадий Бух издөөдө жүргөн орусиялык хакер Дмитрий Хорошевге өз ыктыяры менен бийликке багынып берүүнү жана ал үчүн жарыяланган сыйлыктын бир бөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуштаганы айтылууда.
«Известия» басылмасынын маалыматына ылайык, Хорошев LockBit хакердик тобун жетектеген деп айыпталууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти аны кармоого же соттоого көмөктөшкөн маалымат үчүн 10 миллион долларга чейин сыйлык жарыялаган.
Бирок адвокат менен болгон сүйлөшүүнүн мазмуну көз карандысыз булактар тарабынан тастыктала элек. Ошондой эле кылмышкердин өз ыктыяры менен багынып бергени үчүн сыйлыкты автоматтык түрдө алуу укугу жок.
Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз бойдон калууда.