www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милициясы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бакта милициянын катышуусундагы окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, 17-май күнү саат 21:30 чамасында милиция кызматкерине кол салуу болуп жаткандыгы тууралу билдирүү түшкөндөн кийин ыкчам тергөө топ окуя болгон жерге барган.

“Патрулдук милиция кызматкери парктын аймагында кайгуулдап  жүрүп, топтошуп турган жарандарды байкаган. Кызматкер аларга топтошуп олтуруу санитардык талаптарга каршы келээрин айтып, жарандарга парктын аймагынан чыгып кетүүнү эскерткен. Бирок алар агрессивдүү түрдө кызматкер менен жаңжалдашып, анын табелдик куралын тартып алууга аракет жасашкан. Мындан улам милиция кызматкери эскертүү иретинде курал колдонууга мажбур болгон”, – деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Жазык кодексиндеги (“Бейбаштык”) беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, окуяга тишеси барларды аныктоо иштери жүрүп жатканыдыгы айтылат.

Буга чейин интернетте милициянын формасын кийген адам колундагы тапанчага окшош буюм менен жай тургундарды коркуткандыгы тууралуу маалымат тараган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости