www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда акыркы бир сутка ичинде 202 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип, жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 202 адамга көбөйүп, республика боюнча бул инфекция менен ооругандардын жалпы саны 1 миң 524 адамга жетти. Ал эми бул оорудан акыркы бир суткада 3 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 39га жетти.

“Өлкөдө 4 миң 196 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат жана 493 бейтап ооруканадан чыгарылды”,-деп айтылат маалыматта.

Бул көрсөткүч менен Тажикстан коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны боюнча Орто Азияда биринчи орунга чыкты (39 адам). Андан кийин Казакстан (34 адам), Кыргызстан(14 адам) жана Өзбекстан (12 адам).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости