www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
53 пайыз немистер баалардын өскөндүгүнөн кыйналып башташты. Турак-жай, энергия жана азык-түлүккө баалардын жогорулашы көптөгөн немистерди кыйын ахыбалга такап койду.
REUTERS агенттиги Dynata он-лайн платформасынын социалдык иликтөөсүнүн жыйынтыгына карап жалпы суражмылоонун 61 пайызы өтө кыйналып жашап жаткандыктарын жазып чыкты. Сурамжылоого катышкан немистердин 2 пайызы гана тынчсызданбай тургандыгын, ал эми 37 пайызы бул тууралуу эми ойлонуп жатышкандыгын билдиришкен.
Немистердин жарымынан көбү, же 53 пайызы бардык ресурстарга баалардын өсүп жатышына тынчсызданышууда. 40 пайыз немистер турак-жайга баалардын өсүшүнөн кыйналып жатышкандыгын айтышкан. 32 пайыз немистер бирин-бирине эптеп улантып жеткирип жаткандарына наалышкан. Ал эми сурамжылоодогу немистердин 19 пайызы ири каражаттардын ээлери экендиктерин билдиришкен.
Социологиялык сурамжылоодо катышкандардын 39 пайызы бир жыл аралыгында финансылык абалы кыйла кыйынчылыктарга учураганын айтышса, 41 пайызы мындай кыйынчылыкты сезишкен эмес. Ал эми ар бир бешинчи немис материалдык абалы жакшырганын билдирген.
Башка мамлекеттерден Англияда 44 пайыз, Францияда 41 пайыз калк финансылык кыйынчылыкка кабылышкан. Германияда инфляциянын өсүшү көп айлардан бери байкалууда. Ага азык-түлүккө жана энергия булактарына болгон баалардын өсүшү башкы себептерден. Германия өкмөтү быйылкы жылга инфляциянын көлөмү 6 пайыз болот деп божомолдошууда. 2022-жылы инфляция 7,9 пайызды түзүп Германия бириккенден берки аралыкта биринчи жолу инфляциянын көлөмү жогорку чекке жеткен.
Булак: NazarNews.kg