www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта, ММКларда, соц тармактарда Адахан Мадумаров тууралуу ар кандай кеп тарады. Чындыгын айтканда ошол мезгилде утурумдук мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, моралдык атмосфераны оңдоого карата даярдалган, эч кандай укуктук күчкө ээ болбогон протоколго кол койгонун шылтоо кылып, Мадумаровду “жер сатар, саткын” деп, “кокочо” көрсөтүп жаткандыгы акыркы 2,3 жумадан бери реалдуу жашоонун ачуу чындыгы экендигин баарыбыз көрүп келе жатабыз. Мундай пикирин, мурдагы депутат Надира Нарматова NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.
“Ошол эле мезгилде, чындыка тике карап, эч кандай укуктук күчкө ээ болбогон протоколдун мазмунун түшүнбөгөн, билимсиз, кайдыгер, чыныгы өз милдетин аткарбай, тажик жарандарынын кыргыздын жерине кирип үй салып, бак тигип, отурукташып алганга уруксат берип, тамаша кылып олтурган Мамат Айбалаев баш болгон, Ж.Разаков төш болгон, А.Шадиев, ж.б.ушул мезгилге чейин жергиликтүү бийликте иштеп келген 5-6 губернатор, аким жетекчилердин, укук коргоо органдарынын, өкмөттүн жоопкерчилиги жөнүндө сөз болуш керек. Тескерисинче өз айыбын Мадумаровго оодара салган Айбалаев баш болуп “Мадумаров сатып жибергенден кийин тажиктер жайгашып алышты”-деп, айгай салып койсо, билип-билип сүйлөгөндөр “туура экен” деп жатып калышты. Чындыгында өз милдетин аткарбаган, Айбалаев баш болгон ошол Баткенде иштеп кеткен, жетекчилер жооп бериш керек. Кудайым карап турат, кичине Кудайдан коркуу деген болуш керек! Эч ким үн катпайт. "Мага тийбесеңер болду"- деп, “пысып” олтурушат. Бир жактуу эле, талкуулашып, оодара салгандары Кудайга да, мыйзамга да жакпайт. Депутаттар бир жактуу талкуу жүргүзүшкөнү түшүнүксүз. Кыргызстандын жери, Тажикстанга өткөрүп берүү жөнүндө ратификация болгон, Президент кол койгон Указ , мыйзамдуу келишим жок болгондон кийин, Протокол боюнча Кыргыз территориясына киргенге мүмкүн эмес-деп, чек арачылар, укук коргоо органдары, архитектура, жер комитеттери делимитация жана демаркация иштери менен шугулданган өкмөттүн атайын ыйгарымдуу органдары ж.б. тиешелүү органдар тыюу салыш керек эле. Ошондуктан коомчулукту, Баткендиктерди адаштырбай, Өкмөт тарабынан протоколду элге жарыялап, элге туура түшүндүрмө берүүсү абзел. Эмнеге үчүн тийиштүү органдар үн катышпайт? Же ашыкча чуу кимдир бирөөлөргө керекпи? Жылан чагып жатса да таш алып берип койгонго жарабаган заманга калдыкпы?, - деп кошумчалады мурдагы депутат, ишмер Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg