www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жарандык активист Мелис Аспековдон сотто утулуп калды.
Буга чейин Биринчи Май райондук сотуна Мелис Аспеков намысын, кадыр-баркын коргоо жана моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн Адахан Мадумаровго карата доо арыз менен кайрылган.
Белгилей кетсек, 2017-жылы телеканалдардын биринде эфирде саясатчы Мелис Аспековду улуттук коопсуздуктун органдарына иштеген активист деп атаган. Ошондой эле, Адахан Мадумаров аны провакатор деп да айткан. Мелис Аспеков аны жалаа жаап жатат деп сотко кайрылган.
Сот доо арыздын кабыл алган. Адахан Мадумаров соттун чечими боюнча Facebook социалдык баракчасынан айтылган сөздөрдү жокко чыгарып, 50 миң сом моралдык компенсация төлөп бериш керек.
Булак: NazarNews.kg