www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсионер-льготниктердин айрым категориясын кыскартууну сунушташкан эле. Анда убактысынан мурда пенсияга чугууну (анын ичинде аскер кызматкерлер, чоң иш тажрыйбасы бар жарандар, алыскы тоолуу аймактарда жашаган жарандар, алыскы тоолуу аймактарда жашаган аялдар дагы бар) жокко чыгаруу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү даярдалып жаткандыгы маалымдашкан.
Бул жосунсуз жоруктар адамдардын нааразычылыктарын жарата тургандыгын көптөр айтууда, анткени аскер кызматкерлеринин категориясына ички иштер органдары дагы киргендиктер пенсиядагы өзгөрүүлөр орду толгуз зыянга учурап, бул жагдай наразычылыктарды күчөтүп, өлкөдөгү криминогендик абалды солгундатат.
Бул боюнча Россиянын полициясын мисал катары келтиргим келет. Россия Федерациясынын ИИМнин өздүк курамы акыркы эки жылда минимумга чейин кыскарган.
2018-жылы Россия полициясынын кызматкерлери кызмат өтөө жылдары боюнча массалык түрдө кызматынан кетишкен-алар пенсияга чыгаарда кызмат өтөөнүн жылы жогорулап кетүүлөрүнөн чочулашкан. Бул Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын "Коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү" мамлекеттик программанын долбоорунун корутундусунда баса белгиленген.
Россияда полиция кызматкерлеринин айлык маянасы кыргыз милициясыныкынан жаңы жылдан кийин 40% жогорулагандан кийин дагы 2-3 эсе жогору болгонуна карабастан жогорудагы көрүнүштүн болгонун белгилеп кетүү керек.
Жогорудагылардын негизинде пенсияга чыгуунун курагын жана кызмат өтөөнүн иш тажрыйбасын көтөрүп, жарандык жумушчуларга теңөө менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумуна орду толгус зыянга дуушар кылып, айлык маянанын жогорулашынан дагы анын натыйжалуулугу жокко эсе болот деп жыйынтык чыгарсак болот.
Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кароого түшкөндө бүгүнкү күндөн баштап кызмат өтөгөнүнө 20 жыл толгон ИИОнун кызматкерлери массалык түрдө кызматынан бошоп, пенсияга кетет. Бул көрүнүш тажрыйбалуу кызматкерлердин кетишине, массалык түрдө пенсияга кетип жаткан кызматкерлердин бир жолку жөлөк пулун төлөөгө байланышкан бюджеттик чыгымдардын көтөрүлүүсүнө алып келет. Мындай жөлөк пулдун көлөмү кызмат өтөө жылдарынан, 10 айдан 20 айлык окладдан көз каранды болоорун эске салгым келет.
Эгерде милиция кызматкерлеринин арасында сурамжылоо жүргүзсөк, ИИМдин кызматкерлеринин 90 пайызы аларды кызматында кармап жаткан бул кызмат өтөөлөрүнө 20 жыл толгондон кийин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга кепилденген укуктары бар экендигин айтышат.
ИИМдин тутумунда иштөө өтө оор экендигин баардыгы билишет. ИИОнун кызматкерлеринде жумуш күнү так эмес, күн-түн чакырып алууга болот.
Чындыгында милиция кызматкерлери татыктуу эмгек өргүүсүндө толук эс албайт, анткени милиция кызматкеринин иши оор, өлкөдөгү коомдук кырдаалга жараша кызматкерге жетекчилик эмгек өргүүсүнө чыгарып, толук эс алууга жөнөтө албайт. Ал эми, ИИОнун өз алдынча түзүмдөрүнүн жетекчилери, мисалга алсак ИИББдин, ИИБдин, РИИБдин башчылары толук кандуу эмгек өргүүсүнө чыгуу жөнүндо кыялдануудан башка аргалары жок.
ИИОнун кызматкерлери майрам күндөрү дагы эс алышпайт, ал күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Ошол эле учурда ИИОнун көптөгөн түзүмдөрүнүн кызматкерлери, кайгуул кызматы, нөөмөт бөлүгү, күзөт кызматы толук кандуу эс алышпастан, түнү бою нөмөөттө болушат. Жумушунан сырткары дагы иштөөлөрүнө бюджеттен кошумча акы каралган эмес.
Алты күндүк иш-бул милиция кызматкерлери үчүн көнүмүш адат, жекшемби күнү эс алууга мүмкүндүк болуп калса бул алар үчүн чоң ийгилик болуп саналат. Мисалга алсак, бүгүнкү күнү ИИОнун тергөө кызматынын кызматкерлеринде бир убакта 300 кылмыш иши бар, ал эми сотко чейинки алгачкы ыйгарымдуу өкүлдөрүндө мындан эки эсе көп.
Мыйзамды иштеп чыгууда дагы ИИОнун кызматкерлери иштеп жаткан ашыкча оорчулукту жана өзгөчө психологиялык шарттарды дагы эске алуу керек. Ыкчам кызматтардын кызматкерлерин кылмыштын бетин ачуу үчүн түндө дагы чакырат, кылмышкерлерди кармоону жүргүзөт, аталган кызматтардын кызматкерлери түнү бою үйлөрүндө дагы болбойт. Бул контингенттеги кызматкерлерге ар убак психологиялык басым болуп турат- бир тараптан кылмыш ишин ыкчам бетин ачуу жана иликтөөнү талап кылган ИИОнун жетекчилиги болсо, экинчи тарапта жабырлануучулар, арыздануучулар, шектүүлөрдүн, айыпкерлердин жемекорлугу.
Биздин коомдо милиция кызматкерлери күнүнө кызматында кандай деген психологиялык "жаракаттарды" алып жаткандыгы эч кимди кызыктырбайт. Адамдар болсо, ИИОнун кызматкерлери орой, убагында кылмыштардын бетин ачышпайт, иликтебейт деп сынап, таң кала беришет.
Бирок, ар бир милиция кызматкери аны кылмышкерди кармоо учурунда өлтүрүп кетишин, массалык баш аламандыкта каза болушун, майып болуп калашын билет, бир сөз менен айтканда кызматкер өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтар бар экендигин жүрөгү менен сезип, билип, туюп турат.
Статистикадан кичине мисал келтирсем-жылдан жылга милиция кызматкерлеринин арасында катталган оорулардын саны өсүүдө. 2015 жылы 47, 7% ( 1000 кызматкерге), 2016 жылы 55,5 %, ал эми 2017 жылы 56,4%.
2017-жылы жүргүзүлгөн психологиялык изилдөөгө ылайык 28,2% кызматкерде нервдик-психологиялык туруксуздук аныкталган.
35 жашка чейинки курактагылар тобунда баш-мээнин чайкалышы жана анын кесепети, ашказандагы жара, 12 эли ичегидеги оорулар, заара өткөрүүчү тутумдагы оорулардын болгондугун дарыгерлер аныкташкан.
40 жаштагылар менен андан жогорудагылардын 40 % жүрөк-кан тамыр оруулары, гипертония, кант диабети, сөөк муундарынын оорулары кездешкендиги байкалган.
Негизинен жогорудагы ооруларгдын пайда болушуна туруксуз иш күндөрү, стресс, коркунучтар, моралдык-психологиялык шарттар, кызматынын өзгөчөлүгү, оорлугу себеп болууда. Аскердик-дарыгердик комиссиянын маалыматы боюнча акыркы 3 жыл ичинде Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагы боюнча ички иштер органдарынын ден соолугунун абалына байланыштуу 111 адам кызматынан кеткен, катардагы жана жетектөөчүлүк курамдагылардын санынан 4,9% түзгөн.
Советтик мезгилде коомдук коопсуздук менен криминогендик абал калыбында болгон учурда да кызмат өтөөнүн жылдарынын эң азы дагы жогорудагы шарттарга көңүл бурулуп турган.
Азыркы мыйзамда кызмат өтөөнүн убактысы 20 жыл болуш керек, бирок бардык күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери 20 жыл тажрыйба топтогондон кийин милдеттүү түрдө пенсияга кетиш үчүн кызматынан кетүү керек экендикти билдирбейт. Көптөгөн кызматкерлер 50-55 жашка чейин кызматын өтөп жатышат. 20 жылдык тажрыйбасы менен 25 % гана кызматкер пенсияга кетишүүдө (саламаттыгына, үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу). "20 жыл" деп бекитилген сан кызматкерге кызмат өтөөсүнө 20 жыл толгон убактан баштап шартка жараша пенсияга чыгып кетүүгө укугу бар экендигин гана билдирет.
Кызмат өтөөнү 30 жылга көтөрүү - ар дайым чыңалуу менен стресске алып келген шарттарды, өмүрүнө жана ден соолугунда жаралган тобокелчиликтерди, физикалык чыдамкайлыкты талап кылган кызмат өтөөнүн спецификалык өзгөчөлүктөрүн эске алган тиешелүү медициналык жана илимий изилдөөлөргө таянып, далилдүү болушу керек.
Булак: NazarNews.kg