www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция тарабынан өспүрүмдөргө көзөмөл күчөтүлдү. Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Ноокен РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жаштарга түнкү убакыттарда көчөгө чыкпоо керектиги эскертилүүдө. Алар Бүргөндү айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуучулар менен жолугушуп, кылмыштуулуктун алдын алуу, эрте турмуш куруунун терс жактары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мындай иш-чаралар алдыда башка айыл өкмөттөрдө дагы уланат.
Ошондой эле Базар-Коргон РИИБи тарабынан дагы жаш өспүрүмдөрдүн эрте эмгекке тартылуусунун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын рейд өткөрүлдү. Бул иш-чарага райондук администрация жана билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү дагы катышышты.
Мындан тышкары, РИИБдин кызматкерлери базарларды, автобекет, кафе, компьютердик клубдарды көзөмөлгө алышты. Рейд учурунда түнкү убакытта коштоосу жок жүргөн 4 өспүрүмдүн ата-энелерине КРнын Бузуулар кодексинин 61-беренесинин негизинде айып пулдар салынды.
NazarNews.kg