www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профсоюздар Федерациясынын жетекчисине кылмыш иши козголду

Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү басма сөз жыйынында Мирбек Асанакуновго карата кылмыш иши козголгондугу  боюнча айтып беришти. Федерация кеңешинин чечими менен ал кызматынан четтетилген. Чечим Мирбек Асанакунов айыгып, жумушка келгенден кийин күчүнө кирет.

     Юрист Анара Кыштообаеванын айтымында Мирбек Асанакуновго карата документтерди мыйзамсыз жасоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку сот 2017-жылдагы профсоюздар Федерациясы кеңешинин токтомун жараксыз деп таануу тууралуу арызын кароону токтоткон. Мындай чечимди алар бейөкмөт уюмдардын ички иштерине кийлигише албашы менен түшүндүрүшкөн.

“Ал азыркы уставдын алкагында чечим чыгарышы мүмкүн. Анда профсоюздар кеңеши төраганы кызматтан четтетүүнү чечишкен”,- деп билдирген жарандык активисттердин бири.

Маалыматка караганда профсоюздар Федерациясын Мирбек Асанакунов үч жылдан бери  жетектеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости