www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Мен Абылгазиевдин отставкасын жөн жерден талап кылган жокмун. Биз чакан өлкө катары тышкы инвестицияга абдан муктажбыз. Анткени, бул жерде бир гана жумушсуздукту жоюу жана бюджеттин капчыгын толтуруу максаттар менен чектелбейт. Тышкы инвестор бизге жаңы технология, биз абдан муктаж болгон инновациялык башкарууну киргизет, жаңы базар чөлкөмүн да ачат. Ал эми ушул бизге аба менен суудай керек болгон тышкы инвестицияны тартууда 2015-жылдан бери терс багыт сакталууда.

Бизде бажы жана салык төлөмдөрү таза ишкерди көмүскөдө иштөөгө түртүп жатат. Соттон ишкер өз талабын коргоюн десе, сот да адилеттүү чечимден алыс. Анткени бийлике жана акча-пулга көз каранды. Прокуратура, финпол, УКМК жалаң эле ишкерлер менен алышмай, аларга бут тосуу. Андан тышкары бизде өзүбүздө адамдык капитал да жетишсиз. Анткени көбү чет жакта жан багып жатышат. А биздин өкмөт болсо өз көлөкөсүнөн коркконсуп, бир дагы алгылыктуу идея, программа сунуштаганга жарабай жатат. “Жунда”, “Жер-Үй” сыяктуу ишканалар дагы деле иштебей, жумушсуздук мурдагы эле деңгээлде болуп жаткандыгы кооптондурбай койбойт.

Мындан тышкары экономиканын өсүшү 3,5 пайыз болгону биз күткөн жыйынтык эмес. Бул дүйнөлүк экономикадан артта калып жаткандын белгиси экенин түшүндүрөт. Анткени Кытай, башка Азиялык “арстандардын” өнүгүүсу 6 пайыздан түшкөн жок. Ошондой кырдаал сактала берсе, биз маргиналдык өлкө катары артта кала беребиз.

Ошондуктан президент парламент менен кошо жаңы өкмөттү түзүшү керек. Ал жерге президентке да, парламентке дагы көз карандысыз, саясый салмагы оор өкмөт башчы келсе, экономикалык абал оң жакка өзгөрөт деген үмүт болуп жатат.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости