www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылы Кыргызстандын көмүскө экономикасынын көлөмү 125,2 млрд сомду (1,8 млрд доллар) түзгөн. Бул ички дүң өнүмдүн 23,6% барабар. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

Комитеттин эсеби боюнча 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы ИДПга карата дүң жана чекене соода, автомобиль ремонту, курулуш тармагындагы көмүскө экономиканын үлүшү азайган. Ошол эле маалда статистикада айыл чарба эсепке алынган эмес.

2018-жылы Экономика министрлиги Реконструкция жана Өнүгүү боюнча Европа банкынын колдоосу менен көмүскө экономиканын көлөмүн иликтей баштаган. Эксперттер көйгөйдүн масштабын жана негизги себептерин аныктап, аны кыскартуу боюнча сунуштарын беришет.

Энономика министрлиги көмүскө экономиканын көлөмү жогорку деңгээлде экенин мойнуна алат.

Булак: "centralasian"

Последние новости