www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиёевди баккан кыргыз аял

Азыркы Өзбекстандын президенти Шавкат Миромонович Мирзиёевдин балалыгы татаал болуптур. Айттырбай келген ажалга айла канча? Энесинен эрте ажырап, аталуу арсыз жетимге айланат. Коңшу жашаган кыргыз келин өз уулундай жакын көрүп, мээримин төгүп, көз салып жүрөт. Жатынын жарып чыккан уулундай сүйөт. Акылга дыйкан кыргыздар: “Тууган эне эмес, баккан эне” деп бекер айтпайт.

“Бешиктеги баланын бек болорун ким билет” кайдан жалган?! Коңшу энесинин көзү тирүү кезинде Шавкат Миромонович Өзбекстандын премьер-министри кызматын аркалап калат. Коңшу энеси улгайган кезде көз жумат. Премьер-министр уулу акыркы сапарга узатуу тажыясынын башында өзү туруп, кабыргасы кайышып, акыркы сапарга өз колу менен узатат. Бата кылганы келген өзбек, кыргыз, тажик жана башка улуттар жакшылыкты унутпаган, улуу башын кичик кылып келген Өкмөт башчысына ыраазы болушуп, ак баталарын беришет.

Айтайын дегеним, дөөлөт башка келгенде кечээги кейиштүү кездерин тез эле унутуп, бир кезде колдоп, жөлөгөн жөн билги каармандарды карабай калган кара баскырлар да кездешет.

Ток этери: “Кыргыз менен өзбек элинин кийинки кездеги жылуу мамилелеринин тереңдешине экс-президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин эмес, бала чагынан кыргыз мээримине бөлөгөн ошол коңшу кыргыз энесинин таасири зор” деп тыянак чыгарган элдин айтканында калет жок белем?!

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости