www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын полициясы аял кишинин жансыз денеси табылгандан кийин анын кызын камакка алды. Адамдын сөөгү батирдеги муздаткычтан табылган.

«ВВС» тараткан маалымат боюнча, 48 жаштагы Юми Ёсино апасынын жансыз денесин 10 жыл мурун муздаткычка салганын билдирген. Муну алар жашап жаткан үйдөн кетүүнү каалабаганы менен түшүндүргөн.

Полициянын маалыматына таянсак, маркумдун денесинде күч колдонулган белгилер болгон эмес. Азырынча анын өлүмүнүн себеби тактала элек.

Ёшино бул батирдин ижара акысын төлөй албагандыктан кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми денени үйдү тазалап жүргөн жумушчу тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости