www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева коронавирус инфекциясы боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Аталган Кеңеш Саламаттык сактоо министрлигине караштуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча консультативдик, илимий-аналитикалык жана методологиялык көмөк көрсөтүү жана көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө саламаттык сактоо тутумунун өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна карай даярдыгына байланыштуу маселелер талкууланды.

Жыйында Саламаттык сактоо миистринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү COVID-19дун негизги чакырыктары тууралуу баяндама жасап, көйгөйдү чечүүнүн жолдоруна токтолду.

Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик, муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, ошондой эле финансы, гранттык жана гуманитардык көмөктү натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштамаларды эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

--«Саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус инфекциясынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна толук даярдыгын камсыздоо зарыл, мында негизги жана резервдик орундарды даярдоо, медкызматкерлерди COVID-19 алдын алуу жана дарылоого үйрөтүү жана кайрадан окутуу, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасын түзүү керек», — деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

Мындан тышкары, Эльвира Сурабалдиева келечекте калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселеси боюнча иш улантылышы керектигине басым жасады.

--“Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлигине саламаттык сактоо тутумунун коронавирус инфекциясынын жайылышынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна карай толук даярдыгын камсыздоо тапшырылды”, — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости