www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун катышуусунда Евразия экономикалык комиссия кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференц байланыш режиминде өттү. 

Аталган жыйын өзгөчө маанимге ээ, анткени ал Алматы шаарында 2021-жылдын 5-февралында өтүүчү Премьер-министрлер деңгээлиндеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына карата өтүүдө.  

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар Евразия экономикалык бирлигиндеги атайы, коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмин өркүндөтүү боюнча кадамдарды, Евразиялык экономикалык бирликтеги идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркировкалоо тутумун базалык технологиялык уюштуруу модели тууралуу маселени талкуулады.  

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ЕЭК Кеңешинин бир катар чечимдери, анын ичинде фторид алюминий жана фторид кальцийге карата алып кирүүчү бажы алымдарынын ченин орнотуу жана өзгөртүү, «Энергия пайдалануучу жабдыктардын энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө» техрегламенттин күчүнө кирүү мөөнөтүн бир жылга жылдыруу боюнча жана башка доккументтер жактырылды.

Кезектеги жыйын күн тартибинин жыштыгына байланыштуу 2021-жылдын 8-февралына белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости