www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя 2016-жылы орун алган. Фейсбук тармагында БеспределKG тайпасында карапайым жарандардын үнүн жогору жакка жеткирүү үчүн жабырлануучунун кайрылуусу жөнөтүлүп коомчулук кызуу талкууга алган.
Окуянын кандай аяктаганына кызыкдар окурмандардын суранычы менен бул кайрылууну кайрадан жарыя кылууну туура көрдүк.
“Мен Алмакеев Эркин биз жубайым экөөбүз Кара-Суу базарында иштейбиз. Түндө саат 12:00дө биз аялым экөөбүз контейнерибиздин жанындагы таштандыларды тазалап жүргөнбүз. Мен тизилген контейнерлердин катарын тазалап жүрүп бир маалда аялымдын жардам сурап чаңырган ачуу үнүн Бишкекке кетчү унааларды токтотуучу жайдан уктум. Аялым тарапка чуркап барсам мен аялымды зордуктагысы келип жаткан эркек адамды көрдүм. Бул эркек адам көрсө салык кызматында иштейт экен. Салык кызматынын кызматкери мага карап эмнеге сен бул селсаяк, сойкуга болушуп жатасың деп айтты.
Салык кызматкери мас абалында болчу а мен соо болчумун. Биздин ортобузда мушташ чыгып кетти. Мушташ чыккан соң салыкчы өзүнүн инилерин чакырып алып мени баары топ эркектер катуу сабап салышты. Ооруканадан менин айрылып кеткен жерлеримди тигип, бир көзүм көрбөй, башым айланып абалым оор болуп турганына карабастан чыгарып жиберишти. Менин байкем мени Кара-Суу райондук УВДсына алып барып 4-октябрда мен арызымды жаздым. Бирок баарынан кызыгы менин жазган арызым боюнча УВДнын кызматкерлери иш козгоодон баш тартып жатышат. Мени сабап жаткан маалда мага канча адам кол салганын тастыктап берүүчү күбөлөрүм бар. Ыза болгон менин укугумду коргоп алуучу мыйзам иштебейби! Биз таштандыларды тазалап иштегенибизден улам бизге эч ким жардам бергиси келген жок. Менин байкемдин номери 0550 895 818. Учурда байкем жалгыз милицияга да, ооруканага да чуркап жүргөн маалы. Баардык жогору жактагы бийлик бутактарынан жардам сурайм."- деген жабырлануучунун арызы коомчулуктун талкуусуна түшкөн.
Белгилей кетсек, салык кызматкери ошондо эле кызматынан бошотулган, ал эми эки "каарман" болсо ошол учурда жарашышкан .
Биздин редакция жогоруда көрсөтүлгөн номерге байланышып, жабырлануучунун учурдагы абалын сурап көрөлү деген максатта чалып көрүп номердин тейленбейт экенине ынандык.
Кимде ким жабырлануучу менен байланышы болсо төмөндөгү электрондук почтабызга кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз [email protected].
Булак: NazarNews.kg