www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимов коррупциялык схеманын үстүндөгү көрүнүп калган кичинекей эле бөлүгү. Мындай пикирин Айбек Турдалиев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал, “1991-жылдан бери приватизация учурунда мамлекеттик ишканаларды (пансионат, завод, фабрика, бала-бакча ж.б.) ит бекерге менчиктеп алып, алардын бир тобун сатып алып миллионер болгондор, рейдерлик жол менен базарларды, банкттарды басып алгандар, бейөкмөт уюмдар аркылуу келген гранттарды жегендер жана учурда тендер аркылуу (туалеттин кагазынан баштап жол салганга чейинки) акча жасаган шылуундар, мамлекетти талап-тоногон уурулар, коррупционерлер (милисалар, соттор, прокурорлор, бажычылар, гаилер, медиктер, ЖОЖдордун мугалимдери, генералдар ж.б.) толтура!

Адилеттүү бийлик, акыйкат сот жана ачык иликтөөлөр болсо, менмин деген кыйындардын шакмар жүздөрү ачылмак. Бирок тилекке каршы баары аралашып, тамырлашып, куда-сөөк болуп кеткен. Бир эле үмүтүм калды... Бир болсо шайлоодон утуп келген Президент эле тазалап, жаңылап, оңдоп кетпесе... Башка вариант жок” – деп кошумчалаган.

Ага жооп катары белгилүү журналист Ernis Kyiaz....ошол айсбергдин чооооң бөлүктөрүндө олтурган мокочолорду "магнитский" деген торго камоого духу жетчүлөр табылса экен эми... АКШсы баш болуп берки уч жагын эле айтып, тээ түбүндөгү түпкү авторлорду айта албай айланчыктап эле жүргөнү кызык...

Айбек Турдалиев: - АКШга айтыш үчүн кыргыз бийлиги өзү кызыкдаар болуп, бизде мына ушундайлар бар деп, тизмесин берип, кызматташып туруш керек да...

Ernis Kyiaz:...кыргыз бийлигинин кайдыгерлигине ишенбей тээ Малабаев, Кулматов кезинде эле АКШ азаматтык кылып бакырып чыкса бажы кардиналдары эбак жоголмок экен...каап... 

Айбек Турдалиев: ...ал кезде мындай резонанстуу иликтөө болгон эмес да. Сен белгилеген адамдар, кезинде өздөрүнүн шептеринин капчыгы болгон, ал факт.

Ernis Kyiaz:..кашайып ырасында эле тиги Кытай дегениң экономикасы менен акырындап тияктан Орусияны...быяктан Борбор Азияны жапырып баратканы АКШ байкеңи чочутуп атат сыяктуу... Болбосо "кичинекей өлкөнүн бажысындагы карүпсия баарын кууратканы атат"...деп алар жөн жерден бакыра берчү эмес эле...

Айбек Турдалиев: ...өткөндө Текебаев колун жаңсап "Вы никто" деди го, биз орус, кытай, түрк, америкалыктар үчүн дал ошондой эле “никтобуз”. Орус менен кытай бизсиз эле соода-сатык кылат. Геосаясатта алар алака түзүп иштей беришет. Болгону үйүбүздү тоногонду, балдарыбыздын ырыскысын уурдаганды токтотушубуз керек. И все...

Ernis Kyiaz: ...эми ошентип эркин бололу десек, тиги "орус, кытай, түрк, америкаларың" бажыдагы..чек арадагы рычагдарын иштетип ийип рулубузду колдон алып "быяка бур..тияка бур" деп ийип..айланы кетирип атпайбы.. Бюджети бош бечара өлкө экенбиз..туш тарапка үмүт этип карай берген...

Айбек Турдалиев: ...алар эмне биздин таможняда отурушабы? Балким бул киши орустардын же американын агенти?

На изображении может находиться: один или несколько человек

Ernis Kyiaz..."мындайларды жана мындайлардын крышаларын мурда эмне көрүшпөдү?" деп суроо - "мындайлар жана алардын крышалары мындан ары да тайтаңдап жашай берсин" дегендик эмес. Маселе, кыйкырып чыгуусунун артындагы "Кыргызстанга чындап күйгөндүктүн" фальш экени тууралуу. Андагы жеке стратегиялык тышкы саясат тууралуу. Албетте сенин "өзүбүз биринчи тартипти орнотуп уурдабаган, уурдатпаган система куруубуз керек" деген мааниңе кошулам – деген белгилүү тележурналист Эрнис Кыяз. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости