www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Аида Исмаилова Кодекске “Эмгек мигранттарынын балдары” деген түшүнүк киргизилиши керектигин айтты. Бул пикирин депутат бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымына караганда ата-энелери эмгек мигрантына кеткен балдардын маалымат базасы түзүлүшү зарыл. Себеби ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган мектеп окуучуларынын арасында өз өмүрүнө кол салуу фактыларынын пайызы өсүп жаткандыгын билдирди.
“Кооптуу кырдаал аймактарда күзөтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик мектеп психилогуна акча каражатын таба алышпайт. Өкмөт ушул маселеге көңүл бурушу керек. Анын үстүнө Президент 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялабадыбы”,-деп эскерткен Исмаилова.
Эмгек мигранттарынын балдарына кам көрүүнү буга чейин омбудсмен Токон Мамытов да сураган. Мамытовдун айтымында педофилдердин курмандыгына мигранттардын балдары кабылышууда. Эскерте кетсек, Мамытов да Кодекске “Эмгек мигранттарынын балдары” деген аныктама киргизилиши керектигин айткан.
Ал эми балдарга карата зордук-зомбулук тууралуу Наталья Никитенко дагы Жогорку Кеңеште сөз сүйлөдү.
Булак:NazarNews.kg