www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айданбек Акматов: «Акылбек Жапаровдун дүрбөлөңү...»

Садыр Жапаровдун ишенген кадры, вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров «эки-үч айдын ичинде чек аралар жабылып, биз унсуз калышыбыз мүмкүн», - деп өкмөт жыйынында чуу салыптыр. Мунун артында эмне жатат?

Былтыр катаал карантин учурунда да жүк ташууга чек коюлган эмес. Евразия биримдигинин алкагында азык-түлүк ташылып турган.

Бул жолу чек аралар жабылып, жүк такыр өтпөй калат дегенге кандай негиз бар? Андай негиз да байкалбайт. Чек араны жабабыз деген билдирүү да чыга элек. Коронавирус Россия, Казакстандын кээ бир региондорунда күч алган менен кырдаал бул өлкө бийликтеринин көзөмөлүнөн чыккан жери жок.

Демек, башка маселе бардай. Ал кургакчылыктан түшүм болбой калуу коркунучу. Түшүм болбой кала турган болсо, анда Казакстан, Россия да дан азыктарын чыгарууга чектөө киргизиши мүмкүн. Россия учурда гречканы экспорттоого чектөө киргизген.

Кыргыз өкмөтү, анын жетекчилери Марипов жана Жапаров канча жерге буудай себилип, канча түшүм алынарын, ал канчага жетерин да билбейт болуш керек. Анын үстүнө суунун жетишпей жатышынан Чүйдөгү дыйкандар түшүм албай калабыз деп билдирип жатышат.

Садыр Жапаров дайындаган айыл, суу чарба министри Аскарбек Жаныбеков кой бизнеси менен шугулданат шекилди, «арашан» деген порода чыгардык дегенден башка иши байкалбайт.

Акылбек Жапаровдун ун келбей калат деген коркутуусу эртең республиканын ун базарын дүрбөлөңгө салып, адамдардын ун-азыктарын сатып алууга жүгүртүшү мүмкүн. Андан баалар кескин өсөт. Баалар көтөрүлүп, базардын дестаблизация болушуна ким жооп берет? Же Акылбек Жапаров ага кызыкдарбы?

Колунда бийлиги турган Улукбек Марипов жана Акылбек Жапаров маселени унчукпай чече бербейби же чече албашына көзү жетип, биз айткан элек деп четке чыга берүүнү көздөп жатабы? Же булар колунда бийлиги жок оппозициялык саясатчыларбы?

Айданбек Акматов, эркин журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости