www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооз ачса эле «оңкосунан кетчү» министр жок дегенде оорусун айтпай эле турса болмок. Мындай пикирди Мирлан Дүйшенбиев билдирди.

КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көпчүлүккө жага бербейт. Кесиптештери ага «клоун» деп ылакап ат коюп алышкан. Социалдык тармакта министр тууралуу ар дайым терс пикирлер айтылып келет.

Катуу айтсам кечирим сурайм, бирок саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевде мээ деле жок экен. Чын. Башында COVIDден сактануу үчүн вакцина алууга элди чакырып, жалпы кыргызстандыктардын көзүнчө вакцинадан өттү эле. Андан кийин уу коргошунду ичип, ушундай жол менен да оорудан сактансаңар болот дегенди айткан. Эми болсо бүгүн COVID менен ооруп калып, анысын жамы журтка жарыя кылууда. Буга кандай баа берүүгө болот?

Өкмөт элди вакцина алдырта албай айласы кетип жатканда, Бейшеналиев COVID менен ооруп калганын жар салып, вакцина алууга антипропаганда кылып жатпайбы! «Вакцина алсаңар оорубайсыңар» деген министр ооруп жатса, демек вакцинадан пайда жок турбайбы» дегенди элге жеткирип жатат! Ооз ачса эле «оңкосунан кетчү» министр жок дегенде оорусун айтпай эле турса болбойт беле?

Бул окуялардан кийин суроо туулат, вакцина алган адам деле ооруса, анда вакцина алуунун канчалык зарылчылыгы бар? Же министр мырза вакцина албай эле жөн гана витамин сайдырып, жалпы кыргыз элин алдаганбы?

Бул министрдин аракеттеринен кийин, вакцина алсаң деле, Бейшеналиев сунуш кылган уу коргошун ичсең деле коронавируска чалдыгасың дегендей сезилип жатат.

Эске сала кетсек, КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда COVID-19 менен ооруп калгандыгы айтылган. Буга чейин ал, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. Ал тургай маал-маалы менен уу коргошун ичип тургандыгын да жар салган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости