www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылдан азап... Конституциялык кеңешмедегилер Орусияны мазактап, Кытайларга жагынуудабы? Мындай ойлорун Айданбек Акматов Фейсбук баракчасында бөлүштү.

"Акылдан азап...

Конституциялык кеңешме 20-ноябрдан бери отурат. Кеңешип жатат. Кеңешменин төрагасы Бөрүбашевдин сөзү боюнча дагы 10-декабрга чейин отуруш керек. Бирок бул кеңешеменин пайдадан зыяны көп болууда. Анткени, андагы ар кошкон адамдар оюна келгенди оттоп, Кыргызстанга зыян гана келтирүүдө.

Тил боюнча айтылган сөздөр, ага стратегиялык өнөктөш Россиядан жасалган реакциялар анын далили. Жардамга муктаж боло туруп, ошол жардамды жалдырай сурай туруп, анан орустардын макалындагыдай “дразнить гусей” кемчонтойлук жана мурдунан алысты көрө албагандык эмей эмне?

Кыргызстанды КЭР же КНР деп атоо эмне? Кытайдын атын талашуубу же Кытайга тымызын белги берүүбү?

Мына ушинтип мамлекетке зыян келтирип жаткан Конституциялык кеңешме эмне үчүн отурат деген суроо туулат? Анткени конституциялык реформанын негизги демилгечиси Жапаровдун бул маселе боюнча пикири өзгөрдү. Ал бүтүн элге жарыя болду!

Негизи 20-ноябрда күмөндүү жагдайларда түзүлгөн Коституциялык кеңешме долбоорду карап, анан парламентке бериш керек. Парламент 10-январда референдумга чыгарыш керек эле. Бул Жапаров менен макулдашылып жасалган иш экендиги талашсыз.

Бирок, Жапаровдун пикири өзгөрүп кетти.

Жапаров 24-ноябрда берген интервьюсунда референдумга жаңы конституциянын долбоорун эмес, “президенттик же парламенттик “ башкаруу системасын тандап алууну алып чыгууну сунуштады.

Демек, логикага ылайык Конституциялык кеңешме ишин токтотуш керек же эки түрдүү долбоорду даярдаш керек. Таза парламенттик башкарууга ылайыкташтырылган жана таза президенттик башкарууга ылайыкташтырылган долбоорлор параллель түрдө даярдалыш керек.

Бирок Конституциялык кеңешменин “чыгаандары” супер-президенттик долбоорду гана талкууламыш болуп жатышат. Же аларга референдумдун жыйынтыгы алдын ала белгилүүбү?

Анда эмне референдум жыйынтыгын жасап койгондор барбы?",- дейт Акматов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости