www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулук күбөлүгү жок дээрлик 50 жылдан бери унаа башкарган Италиянын жергиликтүү тургуну кармалды. Бул тууралуу il Gazzettino басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Тревизо шаарында катталган жол кырсыгына 77 жаштагы аялдын тиешеси бар болгон. Полиция текшере келгенде анын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Ал кеминде 50 жылдан ашык убакыттан бери эч кандай айдоочулук күбөлүгү жок эле унаа башкарып жүргөндүгү маалым болгон. Ага айдоочулук күбөлүк берилгендиги тууралуу маалыматтар базасында таптакыр маалыматтар болгон эмес.

Ага  5 миң евро айып пул салынып, унаасы айып аянтчасына токтотулган.

Бул 77 жаштагы аял айдоочулук күбөлүгүнүн мөөнөтү өтүп кеткенин жана күнөөсү жок экендигин далилдөө үчүн аракет кыларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости