www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келдибек Жамбылга күрөш үйрөтөт

Жамбыл эригип Оштон Келдибек акесине телефон чалат:

- Келдибек аке, Айсулуу кызыңыздын алтын медалы менен куттуктайм. Айсулуу бул жолу алтын тагынаарына ишендиңиз беле?

- Жамбыл, ишенгем, чач адамдын көркү дейт. Айсулуу бул сапар дүйнөлүк мелдешке өзүнүн алгачкы чач жасалгасы менен барды. Өңүн да өзгөрткөн жок. Көрдүңбү, анан аягы алтын менен бүттү.

- Мурунчу?

- Мурун Айсулуу сары, ак чачтар менен барып саксалаңдап, күрөш менен дагы, чачтары менен дагы алаксып жатып коло, күмүш болуп калчу. Бу сапар чачына көңүл бурбай, болгон дараметин күрөшкө койду эле, алтын болуп калды. Жапонияга ушул чач жасалгасы менен барса дагы бир алтын болуп калат. Албетте, аябагандай даярдык менен.

- А Мелис иниңизчи?

- Кайсы?

- Мелис Турганбаев.

- Оо, ал бөлөк кеп. Мелис инимди дагы дүйнөлүк алтын медалы менен куттуктап, сага күрөш жөнүндө бир болгон окуяны айтып берейин. Алп балбан атабыз айтылуу Кожомкул айтчу экен: «Мен өлөөрүмдө бир жолу жеңилгем, ал мындайча болуп калды. Суусамырдан Жумгалга жөнөп калдык. Кырды ашсак өрөөндө чоң той болуп жаткан экен. Мени көрүп баары жабалактап келишип: "Кожоке, айланайын күрөштү баштабай турдук эле аябай сонун болбодубу, күрөштү баштап бериңиз" - деп эле күрөшкө сала калышты.

Мага чыккан жигит чалмачы жигит экен, кармашканда эле оң буту бутума оролуп чалып калды эле, чалкамдан жатып калсам боло. Тиги жигит тура калып эле качып кетти. Атаң көрү, качканы жакшы болду, колум илинсе ташка чаап таштамакмын» - деп каткырган экен. Мелис инимде ошол кыргыздын чалма өнөрү бар турбайбы. Көрбөдүңбү чыкканын эле чалгы чапкандай чалып жайлабадыбы, азамат! Жамбыл эми бүгүнкү темабыз күрөш жөнүндө болуп калды, ушул тема менен аяктайлы.

Асанкул Шаршенов куудул атаң дагы күрөшкө түшкөн: «1942-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищага келип кирип окуп калдым дейт. Ноябрь майрамына жакындап калган. Училищанын короосунда кубалашып ойноп жүрсөк, директор турган жапалдаш орус менен. Бир кезде эле баягы орус биз тарапка карап кыйкырып калды: "Эй, ты высокий, иди сюда" - деп. Баарыбыз карап калсак орусча билген бирөө "Асанкул, сени чакырып жатат" - дейт. Барсам, "Оо, ты высокий Кожомкул, из тебя балбан выйдет, пойдем сынок" - деп спорт залга алып барды. Көрсө ноябрь майрамына карата окуу жайлар ортосунда күрөш болмок экен.

Ошого карата биздин директор Байман деген тренерди жалдап келген экен, менин училищамдан дагы 2-3 балбан даярдап бер мелдешке катыштырам деп. Ал жылдары Фрунзеде чоңу-кичинеси болуп 7-8 эле окуу жай болоор эле. Ошентип баягы Байман бизди күрөшкө даярдай баштады. Мындай чабасыңар, тигиндей чабасыңар, аңдып туруп чаласыңар. Эгерде жеңилип баратсаңар чийинден чыга качкыла деп. Ошентип 7-ноябрь күнү улуттук окуу жайдын спорт залында күрөш башталды.

Мага чейин кыргыз балдардын баары чалгы тийгендей чабылышкан экен. Мен чыкканда баары кыйкырып: "Ой муну эмнеге катып жаткансыңар? Жана эле чыгарбайсыңарбы? Келбет бар экен, намыска жара. Кожомкулдун, Манастын арбагы колдосун" -деп дуу эле бата тартып ийишти. Мага менин жарымымдай болгон орус бала чыкты. Күрөш мага майрамдай сезилип, атамдын балбактаган ак дамбалы менен чыктым. Тиги орус бала бечара үй-бүлөдөнбү, тизесинен ылдый жагы жок кара дамбалчан турат. Көрсө ал кийген турсий экен.

Мен турсийди киймек түгүл биринчи көрүшүм. Ал анан күрөш башталды. Баягы баланы качырып барып жерге урайын дегиче болбой өзүм асманга чыгып кеттим. Кудай салбасын, ал анан тиги мени ойното баштады. Бирде көзүмө эл көрүнөт, бирде пол, бирде лампочка, тигинин колунан бошосом жанталашып чийинге карай умтулам. Ал сүйрөп келип ортого чабат. Бир кезде бошой калган экенмин, чийинден өтүп барып эле элдин алдына көмкөрөмдөн жыгылдым.

Өзүм өлгөнү жатсам залдын ичи кыраан каткырык. Бир кезде баягы Байман атамдын ак дамбалын алып келип ыргытты. "Кожомкул кийин, уят" - деп. Көрсө тигинден жөрмөлөп качканда тигил багалектен уучтай кармаганда мен дамбалдан суурунуп чыгып, апам төрөгөн фигурам менен эле жатып калган экем» - деп. Ошондон кийин күрөштү токтотком дечү Асанкул атаң.

Булак: "Фабула" 

 

 

Последние новости