www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Москванын метросунун кире беришинин алдында шилекейи куюлганча мас болуп алып, тегерек-четиндеги элди көзгө илбей, ойду-тоону сүйлөгөн кыргыз жигитинин видеосу интернетте кеңири тарап, чоң талкууга алынган болчу. Ошондо алыста жүргөн мекендештерибиз бир аз маданияттуу болуп, “бир карын майды бир кумалак чиритет” болбой, бир адамдын тартипсиздиги бүтүндөй мекендештерибизге көө жаппаса экен деген тилегибизди айттык эле.

Көп өтпөй дагы бир маалымат Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келип отурат. Анда кыргыз жараны аталган шаардын полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Көрсө, ал 2016-жылдын декабрь айында досу менен Псков шаарында мас болуп алып, көчөдө токтоп турган унааларды талкалап, полиция кызматкерлери менен мушташкан экен. Бирок, анда ал шериги менен качып кетүүгө үлгүргөн. Кийинчерээк ага федералдык деңгээлде издөө жарыяланып, кечээ кармалып отурат. Ага “Бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө жана кол салуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Жанындагы досу болсо дагы деле федералдык издөөдө каттоодо турат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости