www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгармачылыктын түйшүгүн эрте тартып, мектеп курагынан тарта сахна менен жаны бирге болуп калган, мындан аркы өмүр жолунда чьггармачылык менен алек болуп, элдин калың катмарына өнөрүн тартуулагысы келген жаш ырчылардын бири Калыс Жакыпов. Ал эрте жашынан эле ырларды жаздырып, бир нече клиптерди тарттырып, өспүрүмдөр арасында өткөн бир катар сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон. Чоң сахнада Бек Борбиев, Бакыт Мамаев өңдүү таланттар менен бирге ырдап жүргөнүн да баамдаганбыз. Ийгиликтери мол кичинекей Калыс учурда бойго жетип, музыкалык билим алып, мыкты чыгармалары менен ата-энесин кубандырып, өз күйөрмандарын топтоп жаткан убагы.

- Калыс, сени кичинеңде эле ата-апаң ырда, жылдыз бол деп аркаңдан жөлөп турушаар эле. Дале ошол ойдо болушса керек. Кичинекей кезиңдеги клиптериңди көргөндө кандай сезимде болосуң?

- Атам орус композитору, ырчысы Кай Метовду аябай жакшы көрчү. Мен төрөлгөндө уулум Кай Метовдой ырчы болот, ырдатып чыгарам деп кыялданчу экен. Мектепке жаңы барып, 2-класста окуй баштаганда биздин мектепке Бакыт Мамаев деген обончу, аткаруучу агайым келип ийрим ачып калды. Ошол жакка атам алып барып мен тапшырган. Бакыт агай ырдаганымды угуп "Жакшы ырдайт экен, талантын өркүндөтөлү" -деп вокалдан сабак берип, үнүмдү тарбиялап, ырларды жаздырып, сахнага биринчи жолу алып чыккан. Ата-энем кичинекей кезимден бери чытармачылыгымды колдон-буттан алып колдоп келе жатышат. Канчалаган клиптерди тарттырып, канчалаган формаларды тиктиришти. Азыр да ырларымды тандашып, стилиме чейин көңүл буруп турушат. Кыскасы материалдык да, моралдык да жактан колдоо көрсөткөн продюсерлерим ата-энем. Кичинекей кезимдеги клиптеримди көргөндө жакшы күндөр көз алдыма тартылат. Анткени балалыгым көбүнчө сахнада өттү. Бактылуу балалыктын доорун сүргөм деп сыймыктануу менен айта алам.

- Азыр кайсы жакта билим алып жатасың?

- М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктап, учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинде билим алып жатам. Ырчылыктан сырткары расмий жумушум болуусун каалап, менеджерлик жактан да билим алуудамын.

- Музыкалык билим алыптырсың, кез-кезде обон да жарата калсаң керек?

- Ооба, эргүү келгенде обон жаратып калмайым бар. Көбүнчө Сагынбек Молдоев аттуу агама жаздырам. Ыр даяр болгондо алгач атама, андан соң жакындарыма. досторума угузуп сындатам. Атам жаш кезинде ыр жазчу экен, ошол себептен ырлардын тексттерин жакшы талдап берет.

- Ырчы катары жаздырган ырлардын баары эле хит болуп кетсе деп кыялдансаң керек. Негизи кандай ырлар хит болушу мүмкүн?

- Чын-чынына келгенде ушул ыр хит болот деп эч ким болжоп биле албайт. Укмуш жаздырдым, аранжировкасы да, үнү да укмуш деген ырлар деле хит болбой, жөнөкөй эле студияда жазылган, жеңил эле ырлар хит болуп кеткен учурлар деле болуп жатпайбы. Эл кандай кабыл алаарын бир да ырчы билбейт, бир гана эл тараза, эл сынчы. Ошол үчүн тырышып болгон аракетимди жумшап, жаңы ырларды жаздырып жатам. Кудайым буюрса бирөө болбосо бирөө хит болот деген изги тилегим бар.

Маектешкен Нуркыз Рыскул

Булак: "Фабула"

 

 

Последние новости