www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украиналык ырчы София Ротару кайрадан Орусиянын сахнасына кайтып келүүнү каалап жатат. Ырчынын кайтып келүү чечими тууралуу Федерация кеңешинин коомдук комитетинин башчысы Валерий Рязанский өз оюн билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

“Маданият министрлиги буга чейин Орусия элин сындап жүргөн артисттерге таасир кыла ала тургандай болушу керек.  Бирок, качан аларга акча керек болгондо Орусияга келүүнү каалап калышат”, - дейт  депутат.

 “Албетте, маданият менен искусствонун саясатка тиешеси жок деп айтып жатышат, бирок чыныгы жашоодо андай эмес да.  Билесиздерби, ошол эле белгилүү грузин артисти Вахтанг Кикабидзе да Орусияны сындап чыккан. Мындай ырчылар сахнага чыкканда, залдын ичи бош болуп калса, эң жакшы жооп болот”, -дейт ал.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун Ротару Москвага келип “Жылдын ыры” көрсөтүүсүнө тартылары жана “Легенда ретро FM” фестивалына катыша турганы айтылган. Мындан тышкары анын жаңы жылдык корпоративдерге түшкөн сунуштарды карап жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Орусия менен Украинанын ортосундагы саясий абалдан улам Ротару Орусияда ырдоодон баш тарткан.

Ротару Орусиянын 40тан ашык сыйлык тапшыруу аземине катышкан.

Ал 2014-жылы Киев менен Москванын ортосунда араздашуу күчөгөн учурда да, Орусияда ырдоодон баш тарткан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости