www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Маегибизди сиздин медицинага келип калганыңыз туурасында баштасак.

- Врач болуу бала кездеги кыялым болчу. Кичине кезимде эле дарыгер болом деген чечимди кабыл алып, мектепте абдан жакшы окудум. Өзгөчө медицинага тиешелүү сабактарды тырышып окуп, мектепти алтын медаль менен аяктагам. Ошол секелек кездеги тандоом мектепти бүткөндө да өзгөргөн жок. Колума аттестат аларым менен медакадемияга тапшырып окууга өтүп кеттим. Ал жакта да тырышып окуп жогорку билимге ээ болуп, учурда Улуттук госпиталдын «Реанимация жана күчөтүлгөн терапия» бөлүмүндө улуу дарыгер болуп иштеп жатам.

- А эмнеге башка тармагын эмес, неврологияны тандап алдыңыз эле?

- Неврологияны тандап алганыма нерв ооруларынын көбөйүп жатышы башкы себеп болгон десем болот. Болгондо да ошол нерв оорулары аял затында көп кездешип жаткандыктан ал оорулардын себебин, айыктыруу жолдорун иликтесем деген оюм болгон. Дагы бир себеби, ошол кезде башка бөлүмдөрдүн баарында контракттык негизде болуп, жалгыз гана неврология ординатурасында бюджеттик орун бар болчу. А мага бюджеттик орун керек эле.

- Дарыгер болуп иштеп жатканыңызга канча жыл болду?

- Эмгек жолумду жогорку окуу жайды бүтөөрүм менен баштагам. Быйыл невролог болуп иштеп жатканыма 11 жыл болду.

- Жылдан-жылга нерв оорулары жашарып жатканын адистер айтышууда, нерв ооруларынын жашаруусуна эмне себеп болууда?

- Туура, жылдан-жылга нерв оорулары жашарууда. Анын себептери бүгүнкү жашоо-шартыбыз десек болот. Учурда тамактанып жаткан азыкзаттардын экологиялык жактан таза эместиги. Себеби акыркы убактарда жашылча-жемиштерди өстүрүүдө түшүмдүн жогору болушу үчүн же жашылчаларды узакка сактоо максатында ар кандай дары-дармектерди өлчөмдөн көп колдонуп жаткан учурлар көп эле кездешүүдө. Дагы бир себеби жашоо-шартыбыздын оордугу, анын кесепетинен пайда болуп жаткан стресс да нерв ооруларынын жашарышына негиз болууда.

- Оорунун 80 пайызы нервден деген туурабы?

- Ооба, бул сөз жөн эле айтылган эмес. Адам канчалык стресс менен жашаса, көп кайгырса ошончолук ооруга көп чалдыгат. Ошондуктан эң алгач биз нервди сактоону үйрөнүшүбүз зарыл.

- Акыркы убактарда элдер сода, суутек кычкылы менен дарыланып жатканын угуп калдык. Сода менен суутек кычкылынын пайдасы барбы?

- Негизи эле медицинада өзүм билемдик менен дарылануу туура эмес деп айтылат. Эгер адамдын бир жери ооруп жатса, үйдө жатып алып колго тийген, элден уккан нерселерди иче берген болбойт. Ооруп калган учурда сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү зарыл. Элден уккан нерселерди ичүү менен ден соолукка чоң зыян алып келишиң мүмкүн. Соданы айрым адамдар зарна болгондо ичишет экен. Зарна тамак сиңирүү органдарынын бузулушунан улам пайда болот. Андыктан сода ичип алып жүрө бербей дарыгерге көрүнүү керек. Ал эми суутек кычкылын ичүүгө такыр болбойт. Ал теридеги жараттарга гана жардам берет.

- Демек өзү билемдик менен дарылануунун арты жакшылыкка алып келбейт экен да?

- Сөзсүз. Ар бир адамдын организми ар башка. Бирине таасир эткен дары экинчи адамга жардам бербеши мүмкүн болгондой эле, бир адам сода ичип айыгып кетсе, экинчи адам сода ичип ден соолугунан такыр ажырап калышы мүмкүн. Ден соолукту сатып алууга, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан элден уккан нерселерди ичип өз ден соолугуңарга кыянаттык кылбоого чакырат элем. Негизи эле адамдардын баары жылына бир жолу дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, оорунун алдын алып турганы жакшы. Ооруну дарылаганча анын алдын алган оң эмеспи.

- Дарыканаларда сатылып жаткан кальций, витаминдердин пайдасы канчалык? Аларды ичип организмге керектүү витаминдерди ала алабызбы?

- Албетте, аларды ичүүгө болот. Бирок мен витамин ичишим керек, мага кальций жетишпейт деп эле өзү билемдикке салып иче берген да туура эмес. Бардык эле нерсенин ашыкчасы ден соолукка зыян алып келет. Кальций, витаминдерди да дарыгердин көрсөтмөсү менен колдонуу зарыл. Аларды ичип баштоодон мурда атайын анализдерди тапшырып көрүү керек. Эгер чынында эле организм витаминдерге муктаж болсо анда дарыгер өзү сунуштайт. Болбосо биздин организм өзүнө керектүү заттарды күнүмдүк тамак-аштан эле алып турат. Кошумча витаминдер айрым учурда гана керек болбосо, аларды жөнү жок эле ичүүнүн зарылчылыгы жок.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: "Фабула"

 

 

Последние новости