www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын “Голос” долбоорунда кыргызстандык Нуржигит Субанкулов орусиялык Владимир Коновалов менен бирге ырдап, кийинки этапга өттү. Алардын аткарганы долбоордун  YouTube каналына жарыяланды. 

Аталган долбоордун “Поединки” этабында Валерий Сюткиндин командасынан Нуржигит менен Владимир “Моральный кодекс” тобунун “Первый снег” деген ырын чогуу ырдашкан. Калыстар тобу эки ырчынын бирөөсүн кийинки этапга өткөрүш керек болчу.

Сергей Шнуров экөөнүн тең ырдаганы жакканын айтса, Константин Меладзе ырды оңой эле аткарып беришкенин айтты. “Бул ыр болушунча эле оор аражировкасы менен, бирок алар оңой жана жеңил эле аткарып беришти”, -дейт Меладзе. 

Полина Гагарина  катышуучуларды ырды аткарганга даярдаганы үчүн Сюткинге ыраазычылык билдирди. 
“Ырда эч кандай кульминация көрүнбөйт, тескерисинче баары текши. Бир да секундага бир нерсеге алаксып калган жокмун”,- дейт Полина Гагарина. 

Владимир менен Нуржигиттин устаты Валерий Сюткин алар чоң иш жасаганын, бирок кемчиликтер жана толкундоолор болгонун айтты. Натыйжада Сюткин кийинки этапка кыргызстандык катышуучу өтөрүн билдирди. 

Субанкулов Коноваловдун долбоордон кетип жатканына кайгырып жатканын айтты. “Аз убакыттын ичинде биз достошуп калдык. Бул кайгылуу... Ал эми мен кийинки этапка өткөнүм бул сонун жаңылык”, -дейт Нуржигит. 

Ошондой эле, Владимир Нуржигиттей каршылашына утулуп калганына өкүнбөрүн билдирди. 
Нуржигит Субанкулова 32 жашта, ал Бишкек шаарынын тургуну. Кесиби боюнча экономист Нуржигит музыка менен унаа тюнингине кызыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости