www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майлуу-Суу ШИИБнин демилгеси менен шаар аймагындагы №7 жалпы билим берүүчү орто мектебинде "Кылмыштуулуктун алдын алуу биздин милдетибиз" деген темада семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул жыйынга жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер жана ата-энелер катышышты. Алар менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, суицидди, мектеп рекетчилигин, топтошуп мушташуунун жана жалпы эле терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маектешүү, суроо- жооптор болду. Семинардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери ата-энелерди өз балдарына ар дайым көзөмөл салып, алардын аткарып жаткан иштерине жана мектепке барып келүүсүнө көңүл бурууга чакырышты.
Булак: NazarNews.kg