www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Садыр кызматта, бийликте турганда достору, ал-акыбал сураган санаалаштары көп болгондугу талашсыз. Соңку жылдарда достору канча пайызга азайды же көбөйдү деп ойлойсуз?
— Бийликке жаман көрүнүп, кызматынан, байлыгынан ажырап калбайын дегендер да болду. Ага карабастан, мекенчил, чындык үчүн жанын бергенге даяр болгон тарапташтарыбыз, тескерисинче, болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Азайса да, чыныгы достору дайыма кабар алып турушат.
— Канча уул-кызыңар бар? Алардын жашы канчада? Садырдын камалышы аларга канчалык таасир этти?
— Садыр экөобүздүн 4 уул, 1 кызыбыз бар. Улуусу 26га чыгат. Буюрса, быйыл атасы бошонуп келсе үйлөнөт — баарыңыздарды тойго чакырабыз. Экинчиси 22 жашка толду. Студент. Атасын тосуп чыгам деп, ур-токмокко алынып, камалып, 6 ай СИЗОдо жатты. Азыр акталып, окуусун улантууда. Иштеп да жүрөт. Үчүнчүсү Ринат 21 жашта. Студент. Ал да катуу ур-токмокко алынган. Төртүнчүсү Нурдөөлөт 14 жашта. Кызыбыз Жанайым 13 жашта. Атасына өзгөчө жакын. Алгач балдарыбызга өтө оор болду. Бара-бара түшүнүп, сыймыктана башташты. Атабыз камалгандан бери балдарыбыздын көп эсе чыйралгандыктарын байкадым.
— Соңку 2 жыл ичиндеги Жапаровдун сот процесстеринде 10–12ге чейин адвокаттар катышканын байкадык. Алардын эмгек акыларын кайдан таап берип келдиңер?
— Учурдан пайдаланып, адвокаттарыбызга терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Садырдын элге кылган эмгегин баалап, Шарабидин Токтосунов жетектеген адвокаттар тобу бекер иштеп беришти, азыр да акы албай иштеп жатышат. Мыйзам иштесе, эл үмүтү акталып, адвокаттардын эмгектеринин акыбети эчак эле кайтмак.
Булак: "Жаңы Ордо"